super.kg logo

Автоунааны MBANK менен кайра каттоого болот. Жол-жобосу

 

Кардарлардын максималдуу ыңгайлуулугу жана убактысын үнөмдөө максатында өлкөнүн санариптик банкы MBANK мамлекеттик кызматтарды өзүнүн тиркемесинде санариптештирүү жана интеграциялоо иштерин жигердүү улантууда.

Тиркемеде унаа сатып алуу же сатуу үчүн мындан ары документ иштери менен алектенүүнүн же мамлекеттик органдарга баруунун кажети жок. Автоунааны кайра каттоо, сатып алуу, сатуу келишимине кол коюу жана мамлекеттик номурду жаңы тандоо боюнча бардык зарыл процедуралар жеткиликтүү.

"Биз кыргызстандыктар үчүн мамлекеттик кызматтарды жөнөкөйлөштүрүүнүн канчалык деңгээлде маанилүү экенин түшүнөбүз. Ошондуктан пайдалуу кызматтарды үзгүлтүксүз киргизип жатабыз. Биздин кардарлар унааны онлайн кайра каттоонун жаңы кызматын жогору баалашат жана тейлөө борборуна барбай убактысын үнөмдөй алышат деп ишенебиз”, - деп белгилейт MBANKтын санариптик кызматтарды өнүктүрүү жана эквайринг тармагын өнүктүрүү боюнча директору Кубаныч Шатемиров.

Жаңы кызмат Министрлер кабинети бекиткен пилоттук долбоордун алкагында ишке киргизилди. Ал жарандарга унааларды онлайн түрдө кайра каттоого мүмкүндүк берет. Ал кызматты колдонуу үчүн болгону MBANKка кирүү керектелет.

Унааны кайра каттоо жана сатуу, сатып-алуу келишимин каттоо үчүн унаа ээси жана сатуучу төмөнкү кадамдарды аткаруусу керектелет:

· MBANK тирмесесине катталган болуусу;

· «Унааны кайра катоо» бөлүмүн тандоосу;

· MBANKта бир нече секунддун ичинде ала турган жарактуу электрондук цифралык кол тамгасы болуусу зарыл.

Онлайн кайра катоо системасы жарандардын туумдар, салыктар, транспорттук каражаттар боюнча карызы жана туумдары болбогон учурда гана жеткиликтүү болот. Ошондой эле, “Унаа” мамлекеттик мекемесинин бөлүмдөрүнөн 30 күндөн ашпаган убакытта техникалык кароодон өткөн болуусу керектелет.

Мындан тышкары MBANK тиркемесинде кыргызстандыктар үчүн 30дан ашык мамлекеттик жана пайдалуу кызматтар киргизилген. Мисалы: туумдарды, салыктарды жана юридикалык карыздарды төлөө, санариптик кол тамгаларды алуу, санариптик документтерге жетүү жана башка көптөгөн нерселер.

MBANK – биринчи санарип!






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: