super.kg logo

Сыймык! Азат Раимбердиев Орусиянын "Ну-ка, все вместе!" музыкалык долбоорунда 2-орунга ээ болду

 

Кыргызстандын ырчы Азат Раимбердиев Орусиянын "Ну-ка, все вместе!" музыкалык долбоорунда 2-орунду ээледи.

Белгилүү болгондой, сынактын финалы кечээ, 24-ноябрда кечки саат 21:30да "Россия" телеканалынын эфиринде орун алган. Анда ырчы Сергей Лазаревдин репертуарындагы ырды аткарып, калыстардын 100 баллына ээ болгон. Буга чейин ал конкурстун тандоо турунда жана жарым финалда да 100 балл алган.

Сынактын жыйынтыгында 1-орунду Тажикстандан барган Фаррух Хасанов ээлесе, 3-орунга орусиялык Софико Кардава татыктуу болду.

Кошумчаласак, аталган долбоорду 64 ырчы 100 калыстын сынынан өттү. Бул конкурстун 5-сезону. Анын баш байгеси - 5 миллион рубль.

Аталган долбоорго кыргызстандык дагы бир ырчы Бек Исраилов да катышып, сынактын финалына чейин жетти.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: