Президентке кат жазган нарындык окуучунун тилеги орундалды




Садыр Жапаровго кат жазган кичинекей Жанарбек Жайлообаевдин тилеги орундалды. Бул тууралуу президенттин Нарындагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Белгилүү болгондой, Ак-Талаа районунун Коңорчок айылындагы Н.Жыргалбекова атындагы орто мектебинин 4-классынын окуучусу апасына тиричилик буюмдарын белек кылууну кыялданарын айтып президентке кат жазган.
Өспүрүмдүн тилеги орундалып, өлкө башчысынын тапшырмасы менен президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Эргешов окуучунун апасы Кыял Мусаевага тиричилик техникаларын алып берди.
Белектерди кечээ, 24-ноябрда ыйгарым укуктуу өкүлдүн орун басары Нурбек Сатаров дарегине жеткирди.
Белгилей кетсек, бул үй-бүлө аз камсыз үй-бүлөлөрдүн катарына кирет. Жанарбектин атасы жана иниси бала кезинен майыптыгы бар.
