Газа тилкесинен Кыргызстандын эки жараны эвакуацияланды
24-ноябрда Газа тилкесинен Египет аркылуу Каир-Москва каттамы боюнча Кыргызстандын эки жараны ийгиликтүү эвакуацияланды. Бул тууралуу маалыматты Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.
"Эвакуациялоо Кыргызстандын ТИМи, Кыргызстандын Сауд Арабиядагы элчилиги жана Каир шаарындагы Орусиянын диломатиялык өкүлчүлүгүнүн биргелешкен ишинин жыйынтыгында болду", - деп айтылат билдирүүдө.
Орусиянын өкмөтү тарабынан уюштурулган эвакуация рейси Орусиянын борборуна келгенде мекендештерди Кыргызстандын Москва шаарындагы элчилигинин кызматкерлери тосуп алып, мейманканага жайгаштырган.
Маалыматта ТИМ Газадан чыгып кетүүгө ниеттенген кыргызстандыктарды эвакуациялоо боюнча иштерди уланта турганы кошумчаланды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:15
2025-06-30

18:58
2025-06-30

17:31
2025-06-30

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.