Өзгөндө көрүнүктүү мамлекеттик ишмер Койчу датка Жаман бий уулунун айкели тургузулду





Кечээ, 25-ноябрда Ош облусунун Өзгөн районунда көрүнүктүү мамлекеттик жана саясий ишмер Койчу датка Жаман бий уулунун айкелинин ачылышы болду.
Парламентттин басма сөз кызматынан билдиргендей, Бишкек-Ош унаа жолунун Өзгөн районундагы бөлүгүндө жол жээгинде орнотулган айкелдин ачылуу саамалыгына Жогорку Кеңештин депутаттары, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, айыл тургундары жана республиканын ар кыл облустарынан келген коноктор келишкен.
Иш-чарада тарыхчылар Койчу датка тууралуу чогулгандарга кеңири маалымат берип, архивдерден табылган тарыхый маалыматтар менен бөлүштү.
Маалыматтарга ылайык, эл алдында көрүнүктүү кызмат өтөгөн, эл эсинде сакталып келген белгилүү инсандардын бири Койчу датка Жаман бий уулу (1812-1868) тарых барактарында өз орду бар мамлекеттик саясий ишмер болгон. Кокон хандыгынын саясий тарыхында таасирдүү роль ойногон Койчу датка Шааркан, Ташкент шаарларынын бектин кызматын да аркалаган.
