super.kg logo

Ысык-Көлдүн Ак-Кочкор айылындагы мектеп окуучулары союздан калган дүкөндүн имаратында окууга аргасыз

 

Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз районунун Ак-Кочкор айылындагы мектеп окуучулары союз учурунан калган дүкөндүн имаратында окуп келет. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин "Элдик" депутаттык тобунун көчмө жыйынында маалым болгонун парламенттин басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, эл өкүлдөрү аталган айылдагы Эсенканов атындагы мектептин имаратында шайлоочулар менен жолугушкан. Анда айыл тургундары мектеп жоктугунан союз учурунан калган дүкөндү оңдоп-түзөп билим уясына айландырууга аргасыз болушканын айткан.

"Аталган имаратта билим алууга жетиштүү шарттар жок. Жергиликтүү эл жаңы окуу имаратына муктаж. Буга чейин жаңы мектеп курууга жер аянты 30 сотыхты түзүп тардык кылып келген. Депутаттар тез аранын ичинде жер маселесин чечип, жаңы мектептин долбоорун даярдоону тапшырды", - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле эл өкүлдөрү Жети-Өгүз (Курорт) айылында жайгашкан Даныке Иманов атындагы орто мектепте шайлоочулар менен жолугушту. Жолугушууда айыл тургундары негизги көйгөй катары окуу имаратынын жоктугун билдиришти.

"Маалым болгондой, азыркы учурда айылда атайын мектеп курулган эмес. Жергиликтүүлөр Кесиптик бирликтер кошуунунун карамагында турган жатак тибинде салынган имаратты оңдоп-түзөөдөн өткөрүп, билим уясына айлантышкан. Аталган имаратта жеткиликтүү шарттар жок. Имарттын эскилиги жеткендиктен авариялык абалда. Окуу имаратын куруу үчүн атайын жер тилкеси жок болгон. Ал жердеги жер тилкелери Кесиптик бирликтер кошуунунун курамында болгондуктан жаңы мектеп курууга тоскоолдуктар жаралып келген. Жергиликтүү бийлик жетекчилери Кесиптик бирликтер кошууну менен соттошуп, соттор мектеп курууга мерчемделген жер тилкесин элдин пайдасына чечип берген. Депутаттар жаңы мектеп куруу үчүн долбоорун тез арада даярдоо тапшырмасын жергиликтүү бийлик жетекчилерине табыштады", - деп айтылат билдирүүдө.

Мандан сырткары жергиликтүү тургундар электр энергиясына байланышкан көйгөйгөлдү көтөрүштү. Айтымдарында, айылда электр мамычалары эскилиги жетип, коркунучтуу абалга кептелген. Ошондой эле электр энергиясына акы төлөөдө баш аламандыктар жаралып жатканын айтышты. Эл өкүлдөрү бул маселени тиешелүү министрликке чечүү үчүн табыштады.

Депутаттар мамлекет тарабынан алгылыктуу иштер жүргүзүлүп жатканын, үстүбүздөгү жылы жалпы өлкө боюнча 100 мектептин курулушу бүткөрүлгөнүн белгилешкен.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: