Садыр Жапаров Бишкектеги ипотекага берилүүчү үйлөрдүн курулушун текшерүүгө алды




Өлкө башчы Садыр Жапаров бүгүн, 26-ноябрда Бишкектеги Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу жарандарга берүү максатында курулуп жаткан көп кабаттуу үйлөрдүн курулушунун жүрүшүн пландан тышкары текшерип барды.
Президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагозов билдиргендей, мамлекет башчысына көп кабаттуу үйлөрдүн он бири толук бүткөрүлүп, келерки жылдын сентябрында колдонууга тапшырыла турганы маалымдалды.
"Он бир көп кабаттуу үйдүн ар бири 18 кабаттуу, анда жалпы 986 батир бар. Курулуш жүрүп жаткан аймакта 39 көп кабаттуу үй курулат жана мамлекеттик ипотека программасы аркылуу жеңилдетилген шартта жарандарга берилет", - деп жазды Алагозов.
Президент Жапаров курулуп жаткан үйлөрдүн сапатына өзгөчө көңүл буруу керек экенин баса белгиледи.
