super.kg logo

Ала-Бука районунда таштандыны кайра иштетүүчү кичи завод ачылды

 

Ала-Бука районунун Ала-Бука айылында таштандыны кайра иштетүүчү кичи завод ишке берилди. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын ачылышына облус жетекчиси Абсаттар Сыргабаев катышты.

Демилге облустун өнүктүрүү фондунан каржыланып, 18 миллион 540 миң сом акча каражат бөлүнгөн. Ошондой эле жергиликтүү бюджеттен 6,5 миллион сом жана 8 гектар жер аянты берилген.

Президенттин облустагы өкүлү таштандыны кайра иштетүүчү завод облус аймагында алгачкылардан болуп ишке берилгенин белгиледи. Долбоор азыркы учурдагы орчундуу көйгөйлөрдүн бири болгон таштандыдан арылуу, андан пайдалуу заттарды өндүрүүдөгү артыкчылыктуу аракет экенин кошумчалады.

Белгилей кетсек, кичи заводго Ала-Бука жана коңшулаш жакынкы айылдардын, эки тоо кен компаниянын таштандылары чогултулуп, кайра иштетилет. Андан жер семирткич, мазут жана газ өндүрүү пландалган. Мындагы жайда техникалык база да уюштурулган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: