super.kg logo

 Ош облустук милициясынын башчысына эскертүү берилип, үч орун басары кызматтан бошотулду

 

Ош облустук милициясынын башчысына эскертүү берилип, үч орун басары кызматтан бошотулду. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Мындай чарага буга чейин социалдык тармактарда Ош облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчилиги өз ара келишпестиктен мушташып жатат деген маалымат себеп болгон.

Министрликтин маалыматына караганда, бул кызуу талкууга алынып жаткан окуя ушул жылдын 23-ноябрында Ош шаарындагы көп кабаттуу үйдүн алдында болгон.

Милиция кызматкерлери тарабынан окуя болгон жерге кароо жүргүзүлүп, далил зат катарында канга окшогон кызыл түстөгү тактардын үлгүлөрү алынган. Андан сырткары, аталган көп кабаттуу үйдө орнотулган видеокамералардан видеодалилдер алынган. Жыйынтыгында Ош облустук милициясынын кызматкерлери пикир келишпестиктен улам мушташканы аныкталган.

Ош ОИИБнын окуяга тиешеси бар жетекчилик курамдагы кызматкерлерине карата соттук-медициналык экспертиза жана башка тиешелүү соттук экспертизалар дайындалып, аларды жана башка кошумча күбө адамдарды тактап, аларды суракка алуу үчүн Тергөө кызматына камсыз кылуу боюнча тиешелүү кызматтарга атайын тапшырмалар жиберилди.

Ал эми окуяга түздөн-түз тиешеси бар Ош ОИИБнын башчысынын ыкчам иштери боюнча орун басары Алмаз Усеналиев жана коомдук коопсуздук боюнча орун басары Салмоорбек Шералиев, кадр иштери боюнча орун басары Улан Асанбаев ээлеген кызматынан бошотулду.

Бул окуя боюнча топтолгон материал тийиштүү органдарга жиберилип, юридикалык баа берилет.

Мекеме милиция кызматкерлеринин жүрүм-туруму кызматтык милдеттерин ак ниеттүүлүк менен аткаруу принциптерин бузганын билдирип, кызматкерлердин ушул сыяктуу жүрүм-турумуна мыйзам чегинде катаал мамиле жасаларын эскертти.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: