super.kg logo

Баткендин алыскы сегиз айылынын жашоочуларын дарыгерлер акысыз текшеришти 

 

Баткен облусунун алыскы сегиз айылынын жашоочуларын дарыгерлер акысыз текшеришти. Бул тууралуу бүгүн, 27-ноябрда Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалым болгондой, "Үй-бүлөнү пландоо кыргыз альянсы" Саламаттык сактоо министрлиги менен биргеликте Улуу Британиянын Өкмөтүнүн жана БУУнун Кыргызстандагы Калк жайгаштыруу фондунун каржылык колдоосу астында “Баткендик аялдарды жана кыздарды комплекстүү колдоо” долбоорунун алкагында калкка энелик жана репродуктивдик ден соолукту коргоо боюнча медициналык кызматтарга жеткиликтүүлүгүн камсыздоо максатында бир катар комплекстүү иш-чараларды өткөрүүдө.

Ага ылайык, ушул жылдын октябрь айында Саламаттык сактоо министрлиги Баткен облусундагы чек арага жакын жайгашкан 8 айылына мультидисциплинардык мобилдик клиникалардын сапарын уюштурушкан.

"3-октябрдан 21-октябрга чейин онколог-маммолог, гинеколог, терапевт жана УДИ-адистерден турган дарыгерлердин командасы Лейлек жана Баткен райондорунун алыскы айылдарындагы аялдарды жана өспүрүм кыздарды акысыз текшерип жана кеңеш беришти",-деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: