super.kg logo
  Саясат  

“Бишкекти сүйүп, "шаар үчүн иштейм" деген адам гана мэр болушу керек” дейт Алмазбек Атамбаев

 

Бүгүн, 16-декабрда Мамлекеттик “Ала-Арча” резиденциясында  Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин катышуусунда маалымат жыйыны өттү. 

"Шаардын мэри ким болушу керек?" деген суроого: “Бишкек – биздин сүйүктүү шаар. “Малышка Би” деген ыр бар экенин да билсеңиздер керек. Борборубуз жакшы мамилени талап кылат. Бирок бир гана мэр тараптан эмес, өкмөт дагы жардам бериши зарыл.  Бишкектеги салыктан аз өлчөмдө акча калат. Бул учурда башка мэрлер каражатты кайда сарптоону билбей, эстеликтерди тургузушууда”,- деди мамлекет башчы. 

Мурдагы мэр И.Өмүркулов тууралуу айтып жатып “революциядан кийин шаардагы басмачыларды ШИИБ эмес, Иса Өмүркулов кууп чыккан” деп кошумчалады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: