Бишкектеги №33 гимназия-мектебинин окуучулары жана мугалимдери эвакуацияланды
Бүгүн, 27-ноябрь күнү Бишкек шаарындагы №33 гимназия-мектебинин окуучулары менен мугалимдери мектепте бомба бар деген маалыматтан улам эвакуацияланды. Бул тууралуу Свердлов РИИБинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, саат 12:19 чамасында милициянын 102 кызматына №33 мектеп-гимназиясынын имаратына бомба коюлгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Окуя болгон жерге милиция кызматкерлери дароо жетип барып, имарат курчоого алынган.
Учурда жеринде ИИМдин кинологдору иштеп жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:30
2025-06-28
20:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.