"680 миң сом алган". Ошто 59 жаштагы жаран жеке фирманын өкүлдөрүн коркутуп акча алып жүргөнгө шектелип кармалды

Маалыматка ылайык, ушул жылдын 23-ноябрында ички иштер органдарына жеке фирманын өкүлү кайрылып, узак убакыттан бери аларга өзүн коррупцияга каршы элдик көзөмөл коомунун мүчөсүмүн деп тааныштырган адам коркутуп-үркүтүү жолу алты айдын ичинде 680 миң сом өлчөмүндө акча каражатын алгандыгын, опузалоо дагы деле уланып жатканын билдирген.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси (опузалап талап кылуу) менен кылмыш иши козголгон.
Милиция кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү катары Алай районунун тургуну 1964-жылы туулган М.Ч. кармалып, Кара-Суу райондук милиция бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:02
2025-06-26

11:23
2025-06-26

9:35
2025-06-26

23:03
2025-06-25
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.