super.kg logo

Караколдогу СИЗОдо отурган милиция кызматкерлери Акыйкатчыга кайрылышты

 

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева Караколдогу тергөө абагына камалгандардын кармоо шарттары менен таанышты. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунан маалымдашты.

Акыйкатчы кармалып тургандардын шарттары менен таанышуу үчүн камераларды тандап кирип чыккан.

"Камералардын биринде чет элдик жарандар — Орусиянын үч жараны, Өзбекстандын бир жараны, Монголиянын бир жараны бар экен. Алардын баары чек арадан мыйзамсыз өтүп келе жатканда кармалышкан. Кармоо шарттарына алар даттанышкан жок, ошондой эле Акыйкатчы институтуна алардын укуктарын коргоо боюнча кайрылышкан жок.

Башка камерада алтоо — милициянын мурдагы кызматкерлери камалган. Алар да кармоо шарттарына арызданышкан жок, бирок бешөө Акыйкатчыга сот жыйындарында алардын укуктарын коргоп берүү өтүнүчү менен кайрылышты. Алардын бири баңгизатын таштап салышып, жалаа жаап жатышканын айтты", - деп жазылат билдирүүдө.

Ал эми милициянын мурдагы үч кызматкери аларга карата колдонулган баш коргоо чарасына - камакта жаткандарына макул эмес.

Тергөө абагына Акыйкатчы барган кезде 69 адам кармалып турган, алардын бирөө аял, дагы бири жашы жете элек өспүрүм.

Акыйкатчы камактагы аялдын шарты менен таанышкан. Аны пробация шарттарын бузганы үчүн соттун чечими менен тергөө абагына киргизишкен. Аял да кармоо шарттарына даттанган эмес.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: