super.kg logo

«УКМУШ TV» тартуулайт: кыргыз тилинде дүйнөлүк кино коллекция

 

Beeline Кыргызстан инновациялык өнүмдөрдү киргизүүнү улантууда: жакында уюлдук оператор жаңы «УКМУШ TV» мобилдик телекөрсөтүүсүн тартуулады. Колдонуучулар ар түрдүү темадагы 200гө чейин кыргыз жана чет элдикканалдарды көрө алышат, бирок муну менен эле чектелбейт. «УКМУШ TV» телеканалынын негизги өзгөчөлүктөрүнүн бири – бул кыргыз тилиндеги уникалдуу тасмалар жыйнагы.

Каналдардын кенен тандоосу менен бирге «УКМУШ TV» кошумча жазылууларды сунуштайт. Алардын арасында кыргыз, казак жана өзбек тилдерине которулган популярдуу тасмаларды, драмаларды жана мультфильмдерди тартуулаган KYRGYZCHA эксклюзивдүү онлайн кинотеатры бар.

KYRGYZCHA кызматында төмөндөгүдөй сонун мүмкүнчүлүктөр бар:

Сизди дайыма толукталып турган кеңири кино коллекция күтөт.
Сиз эң кичинекей аудиториядан баштап, чоң көрүүчүлөргө чейин бүт үй-бүлө үчүн ылайыктуу контентти тандай аласыз.
Жанрлардын ар түрдүүлүгү сизди жагымдуу таң калтырат: комедия жана мелодрама, триллер жана укмуштуу окуялар, фантастика жана даректүү тасмалар баарына кызыктуу болот.
Сапаттуу котормо жана жакшы үн коштоо тасманын атмосферасына толук чөмүлүүгө жардам берет.

KYRGYZCHA онлайн-кинотеатры – чет элдик фильмдерди эне тилде көрүү үчүн сонун мүмкүнчүлүк. Ал эми кыргыз тилин үйрөнүп жаткандарга KYRGYZCHA контенти менен таанышуу билимин текшерүүгө жана тереңдетүүгө жардам берет.

KYRGYZCHA кызматы менен мобилдик телекөрсөтүү «УКМУШ TV» Beeline компаниясынын «Супер» линиясынын тарифтеринин алкагында да, өзүнчө өнүм катары да, анын ичинде башка уюлдук операторлордун абоненттери үчүн да жеткиликтүү. Биринчи жолу туташканда, 30 күндүк акысыз сыноо мөөнөтү берилет.

Beeline: 25 жылдык мүмкүнчүлүк жана инновация!






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: