super.kg logo
  Спорт  

Пётр Чех тарыхта футболдо дагы, хоккейде дагы дарбазачы болгон алгачкы спортчу болду

 

Чехиялык дарбазачы Пётр Чех Англиянын хоккей лигасынын "EIHL" жогорку дивизионуна чыгып, дебюттук беттешин өткөрдү. Бул тууралуу чет элдик спорт басылмалары жазып чыгышты.

Легендарлуу Петр Чех "Челси", "Арсенал" сыяктуу топ клубдарда оюн алып барган. Футболдук карьерасын 2019-жылы аяктаган, бирок спортту таштаган эмес. Бала кезиндеги кыялын ишке ашыруу үчүн хоккейди тандаган.

Ноябрда 41 жаш курагында Англиянын жогорку хоккей лигасында дебют жасаган тарыхтагы алгачкы футболчу болуп калды.

Маалыматка таянсак, Петр Чех бала кезинен бери футболго караганда хоккейди жакшы көргөнүн айткан.

"Мен хоккей ойногум келди, бирок жабдууларды сатып ала алган жокмун. Атам мени футболго алып
барды, анткени ал жакта бут кийим эле керек болчу. Андан кийин мен дарбазага тура баштадым", - деген ал.

Муну менен Пётр Чех тарыхта футбол жана хоккей боюнча Англиянын жогорку дивизионунда ойногон биринчи спортчу болуп калды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: