super.kg logo

Борбор калаада Бишкек шаарын өнүктүрүү боюнча пландуу жыйын өттү

 

Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиевдин төрагалыгы алдында Бишкек шаарынын мэриясынын административдик райондорунун башчылары, аймактык, ведомстволук бөлүмдөрүнүн жана муниципалдык ишканалардын жетекчилеринин катышуусунда пландык жыйын өттү. Бул тууралуу бүгүн, 28-ноябрда Бишкек мэриясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, “Бишкек – 2026. Көрктөндүрүлгөн жана жашыл шаар” социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасынын алкагында аткарылган иштер тууралуу Бишкек шаарынын өнүктүрүү жана инвестицияларды тартуу агенттигинин директору Курманбек Молдокулов баяндама жасады.

Ага ылайык, калаа башчы жарандарга жагымдуу шарттарды түзүүнүн алкагында «Тазалык», «Бишкекжашылчарба», «Бишкексуучарба» жана «Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканаларына борбор калааны көрктөндүрүү боюнча комплекстүү иштерди жүргүзүүнү, тактап айтканда, аймактарды, жолдорду же тротуарларды куруунун, көрктөндүрүү иштерин жүргүзүүнүн алдында иш-аракеттерин координациялоону тапшырды.

Ошондой эле “Тазалык” муниципалдык ишканасына, “Бишкексууканал” өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгына, төрт райондун акимдерине абоненттик базаны көбөйтүү боюнча биргелешкен иштерди жүргүзүү тапшырылды.

"Борбор калаанын мэри муниципалдык инспекциянын алдына мончодо, сауналарда жана чарбалык субъектилерде тыюу салынган буюмдарды өрттөөгө бөгөт коюу боюнча рейддерди күчөтүү милдетин койду. Өз кезегинде инспекция сунуш иретинде отундун альтернативдүү түрүнө өтүү боюнча чарба жүргүзүүчү субъекттерге билдирүүлөрдү берет", - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле Айбек Джунушалиев социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасынын аткарылышын талдоо, ошондой эле аткаруучулардын жоопкерчилигин кароону тапшырды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: