Өмүрбек Бабанов Таластагы Аманбаев айыл өкмөтүнө жаңы имарат куруп берди (сүрөт)

















"Жалпы аянты 780 чарчы метрди түзгөн имараттын курулушу үстүбүздөгү жылдын 1-июнунда башталып, демөөчүлөр тарабынан 1 миллион доллардан ашуун каражат сарпталган. Бардык шарты менен курулган заманбап имаратта жергиликтүү бийлик менен катар калкты тейлөө борбору жана музей жайгаштырылат", - деп айтылат маалыматта.
Ачылыш аземинде сөз сүйлөгөн төрага Шакиев акыркы үч жыл аралыгында өлкөдө жүргүзүлүп жаткан реформаларга кеңири токтолду. Ошондой эле мамлекетти өнүктүрүүдө ар бир жарандын кошкон үлүшү маанилүү экенин белгиледи.
“Өлкөбүздөгү жаңыланууларга өз салымын кошуп, борбордон алыс жайгашкан Аманбаев айылына ушундай заманбап имаратты куруп берген Өмүрбек Бабановдун жасаган иши көпчүлүккө үлгү. Мындай демилгелер дагы улантылып, ийгиликтүү ишкерлерибиз, чыгаан уул-кыздарыбыз өз айылдарынын өнүгүшүнө көмөк көрсөтөт деген ишеничтебиз. Анткени бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгаруу менен алдыга жыла берсек, Кыргызстаныбыз кубаттуу, өнүккөн мамлекетке айланат”, – деди Шакиев.
Андан тышкары төрага жаңы имаратта иш алып бара турган жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө жардам катары Жогорку Кеңештин атынан 300 миң сомдук сертификат тапшырды. Андан соң заманбап имараттагы түзүлгөн шарт менен таанышып, калкты тейлөө борборун, музейди жана жаңы ачылган паркты көрүп чыкты.
