Өлкөдө ветеринардык дарыканаларга мониторинг жүргүзүлдү



Кыргызстандын аймагында бир нече ветеринардык дарыканаларга мониторинг жүргүзүлүп, талапты аткарбагандарга эскертүү берилди. Бул тууралуу бүгүн, 28-ноябрда Айыл чарба министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, Айыл чарба министрлигинин 2023-жылдын 2-августундагы № 291 “Кыргыз Республикасынын аймагында фальсификациаланган ветеринардык дары-дармектерин сатуудагы мыйзам бузууларды жоюу жөнүндө” буйругунун жана министрликтин 22-ноябрындагы № 33 протоколдук тапшырмасынын негизинде Бишек шаардык жана Чуй облустук райондук ветеринардык башкармалыктардын инспекторлору менен биргиликте 23-ноябрдан 27-ноябрь аралыгында ветеринардык дарыканаларга мониторинг жүргүзүлдү.
- Бишкек шаарынан – 5;
- Жайыл районунан – 3;
- Москва районундоунан – 3;
- Сокулук районунан 2;
- Ысык-Ата районунан – 3;
- Чүй районунан - 2.
Ага ылайык, каттоодон өтпөгөн жана шайкештик сертификаты жок, ветеринардык дары каражаттарын саткан дарыканаларга эскертүү берилди.
