Бишкекасфальтсервистин " жетекчиси Турусбек Түмөнбаев кызматтан алынды
“Бишкекасфальтсервис” муниципалдык ишканасынын жетекчиси Турусбек Түмөнбаев кызматтан алынып, подрядчыларга айып пул салынды. Бул тууралуу бүгүн, 28-ноябрда Бишкек мэриясынан кабарлады.
Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын август айында ишканага подряддык уюмдар менен биргеликте шаардын борбордук бөлүгүндөгү 21 көчөдөгү тротуарларды 30-сентябрга чейин капиталдык оңдоодон өткөрүү тапшырылган. Бирок келишим түзгөн 12 подряддык уюм ар кандай себептерден улам бүгүнкү күнгө чейин өз милдеттенмелерин аткарган эмес.
"Бишкекасфальтсервистин" жетекчилиги тарабынан Лев Толстой көчөсүн Абдрахманов көчөсүнөн Айтматов проспектисине чейинки тротуарды белгиленген мөөнөттө капиталдык оңдоодон өткөрбөй койгон компанияга айып пул салынды. Бүгүнкү күндө башка подряддык уюмдар боюнча да айыптык санкциялар үчүн материалдар даярдалууда. 15ке жакын кемчилик актылар түзүлгөн жана кыска мөөнөттө жоюу үчүн подряддык уюмдарга берилген", - деп айтылат маалыматта.
Мындан тышкары "Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасынын тротуарларды капиталдык оңдоого конкурс өткөрүү бөлүгүндө талдоо жүргүзүүдө айрым мыйзам бузуулар жана кемчиликтер аныкталган. Өз кезегинде муниципалитеттин "кара тизмесине" киргизүү үчүн материалдар даярдалууда, бул тизмеге 8 компания кириши мүмкүн. Тротуарларды курууда тажрыйбасы жок, атайын техникалары жок тендерге катышкан фирмаларга карата мыйзамдарга ылайык каражаттарды регресстик тартипте калыбына келтирүү боюнча чаралар көрүлөт.
"Бишкек мэри тротуарларды капиталдык оңдоодон өткөрүү мөөнөтүн сактабагандыгы, подряддык уюмдарды өз убагында жана талаптагыдай көзөмөлдөбөгөндүгү, жолдор жана тротуарлар боюнча материалдарды дайыма сапатсыз даярдагандыгы үчүн "Бишкекасфальтсервис"муниципалдык ишканасынын жетекчилерин ээлеген кызматынан бошотту. Буга байланыштуу "Бишкекасфальтсервис"муниципалдык ишканасына убактылуу тышкы башкаруучу дайындалды.", - деп айтылат билдирүүдө.
