Кыргызстан Палестинага гуманитардык жардам жөнөтөт

Маалыматка караганда, өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев Палестинанын Жарандык коргонуу башкы директаратынын башчысы Алабед Ибрагим Абдул Салам ХАЛИЛ менен байланышкан.
"Сүйлөшүүдө министр кыргызстандыктар Жакынкы Чыгыштагы кырдаалга жана Газа тилкесиндеги гуманитардык кризиске терең кайгыруу менен көз салып жатканын жана тез аранын ичинде тараптардын согуштук аракеттерди токтотуп, сүйлөшүүлөргө бара тургандыгынан үмүттөнүп жатканын баса белгиледи. Андан соң Газа тилкесиндеги жабыр тарткан калкка эң зарыл болуп жаткан гуманитардык жардам тууралуу талкуулашты", - деп айтылат билдирүүдө.
Өз кезегинде Алабед Ибрагим Абдул Салам ХАЛИЛ качкындардын лагеринде дары-дармек, суу, тамак-аш жетишсиз болуп жатканын билдирди. Ал эми министр Бообек Ажикеев айтылгандар эске алынарын айтып, аймакта тез арада тынчтык орношун каалады.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:15
2025-06-30

18:58
2025-06-30

17:31
2025-06-30

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.