Бишкекте ырчы Калыс Жакыповдун концерти өтүүдө (видео)







Бүгүн, 28-ноябрда борбор калаада эстрада ырчысы Калыс Жакыповдун тушоо кесүү концерти өтүүдө.
Иш-чара Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда орун алып, жаш ырчы алгач сахнага “Сен” аттуу ыры менен оркестрдин, бийчилердин коштоосунда чыкты.
Мындан тышкары Калыс Жакыпов комуз менен кыргыздын атактууларынын чыгармаларын майын чыгара аткарып, көрүүчүлөрдүн алкышына татыды. Эски ырларды сагынган эл ырчы менен чогуу ырдап, коштоп турушту.
Жаш ырчы бир гана ырларды аткаруу менен чектелбестен, “Мырзайым” дастанын тартуулаганга жетишти.
Калыс Жакыповдун тушоо кесүү концерти
28.11.23
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.