super.kg logo

Кореяга өлкөдөн 44 адам мыйзамдуу ишке орношууга жөнөп кетти

 

Кечээ, 28-ноябрда 44 Кыргыз жараны Түштүк Кореяга жумушка орношуу үчүн жөнөп кетишти. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, эки өлкөнүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарынын ортосундагы өз ара түшүнүшүү меморандумуна ылайык, 44 адамды мыйзамдуу ишке орноштуруу уюштурулган.

"Бүгүнкү күндө биз Улуу Британия, Италия, Перс булуңундагы өлкөлөр менен келишим түздүк, алар биздин өлкөдөн келген эмгек мигранттары үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө даяр", - деди эмгек министри Гүлнара Баатырова.

Белгиленгендей, 15 жыл аралыгында Эмгек министрлиги Кореянын ишканаларында 5 миңден ашык кыргызстандыкты иш менен камсыз кылды. Учурда 2 миңге жакын Кыргыз жараны Кореяда EPS программасы боюнча иштеп жатышат. Анын басымдуу бөлүгү тамак-аш, кагаз өнөр жай ишканаларында эмгектенет.

Жатакана жана тамактануу (толук же жарым-жартылай) иш берүүчү тарабынан төлөнөрүн эске алганда орточо эмгек акы 2000 долларды түзөт.

"Программанын негизги талабы – корей тилин тийиштүү деңгээлде билүү, 2023-жылдын 10 айынын жыйынтыгы боюнча корей тилин билүү боюнча тестирлөөгө 3 470ден ашуун жаран катышып, 882 адам ийгиликтүү өттү", - деп айтылат билдирүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: