Чыңгыз Айтматов атындагы жаштар сыйлыгы тапшырылды. Тизме













Кечээ, 28-ноябрда президент Садыр Жапаровдун катышуусунда өткөн “Кыялымдагы Кыргызстан” президенттик жаштар форумунун алкагында Чыңгыз Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгын тапшыруу аземи өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.
Сыйлыкты ээлерине министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов тапшырды.
Сыйлык алгандардын тизмеси:
Лауреаттар:
“Адабият жаатындагы мыкты чыгарма”номинациясы боюнча
Ч. Айтматов атындагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жаштар сыйлыгынын лауреаты Жапар уулу Орозалы.
“Журналистика жана телекөрсөтүү жаатындагы мыкты чыгарма” номинациясы боюнча
Ч. Айтматов атындагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жаштар сыйлыгынын лауреаты Бердибаева Айгерим Акылбековна.
“Музыкалык искусствонун мыкты чыгармасы жана аткаруучулук чеберчилик” номинациясы боюнча
Ч. Айтматов атындагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жаштар сыйлыгынын лауреаты D Billions музыкалык тобу.
“Көркөм искусствонун мыкты чыгармасы (живопись, скульптура, графика, декоративдик-колдонмо жана монументтик искусство)” номинациясы боюнча
Ч. Айтматов атындагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жаштар сыйлыгынын лауреаты Бокоев Талгат Мелисович.
“Шаар курулушу, архитектура менен дизайн жаатында ишке ашырылган мыкты долбоор” номинациясы боюнча
Ч. Айтматов атындагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жаштар сыйлыгынын лауреаты Турдакунов Кенжебек Турдакунович.
“Театр жана цирк искусствосунун мыкты чыгармасы” номинациясы боюнча
Ч. Айтматов атындагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жаштар сыйлыгынын лауреаты Карыпбаев Уланмырза Нурдинович.
“Кино жаатындагы мыкты жетишкендик (сценарийлик, композитордук, режиссердук, операторлук жана актердук иштер)” номинациясы боюнча
Ч. Айтматов атындагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жаштар сыйлыгынын лауреаты Мадаким Элдияр.
“Спорт жаатындагы мыкты жетишкендик” номинациясы боюнча
Ч. Айтматов атындагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жаштар сыйлыгынын лауреаты Махмудов Акжол Махамаджанович.
“Жаштар саясатын өнүктүрүүгө кошкон өзгөчө салымы үчүн” номинациясы боюнча
Ч. Айтматов атындагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жаштар сыйлыгынын лауреаты Талантбеков Нурбек Талантбекович.
Дипломанттар:
“Адабият жаатындагы мыкты чыгарма”номинациясы боюнча
Ч. Айтматов атындагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жаштар сыйлыгынын дипломанты Орозалиева Чолпон Орозалиевна.
“Журналистика жана телекөрсөтүү жаатындагы мыкты чыгарма” номинациясы боюнча
Ч. Айтматов атындагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жаштар сыйлыгынын дипломанты Алимжанова Мунара Алимжановна.
“Музыкалык искусствонун мыкты чыгармасы жана аткаруучулук чеберчилик” номинациясы боюнча
Ч. Айтматов атындагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жаштар сыйлыгынын дипломанты Мукамбет уулу Аксайбек.
“Көркөм искусствонун мыкты чыгармасы (живопись, скульптура, графика, декоративдик-колдонмо жана монументтик искусство)”
номинациясы боюнча
Ч. Айтматов атындагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жаштар сыйлыгынын дипломанты Момунбаева Зыйнат Сүйүнаалиевна.
“Театр жана цирк искусствосунун мыкты чыгармасы” номинациясы боюнча
Ч. Айтматов атындагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жаштар сыйлыгынын дипломанты Исакова Жаңылай Алымкуловна.
“Кино жаатындагы мыкты жетишкендик (сценарийлик, композитордук, режиссердук, операторлук жана актердук иштер)” номинациясы боюнча
Ч. Айтматов атындагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жаштар сыйлыгынын дипломанты Кошубакова Дария Акунбековна.
“Илим жана жаңы технологиялар жаатындагы мыкты иш” номинациясы боюнча
Ч. Айтматов атындагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жаштар сыйлыгынын дипломанты Айдарали уулу Эрнист.
“Экономика, бизнес менен меценаттык жаатындагы мыкты жетишкендик” номинациясы боюнча
Ч.Айтматов атындагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жаштар сыйлыгынын дипломанты Шарапова Жибек Закировна.
“Спорт жаатындагы мыкты жетишкендик”номинациясы боюнча
Ч. Айтматов атындагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жаштар сыйлыгынын дипломанты Абдувалиев Жалалдин Камалдинович.
“Жаштар саясатын өнүктүрүүгө кошкон өзгөчө салымы үчүн” номинациясы боюнча
Ч.Айтматов атындагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жаштар сыйлыгынын дипломанты Абдыманапов Медербек Арстанбекович.
Белгилей кетсек, Ч. Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгы өкмөттүн 2000-жылдын 23-августундагы токтому менен негизделген. Анын негизги мүдөөсү демократиялык өзгөрүүлөр, салттуу рухий-адептик жана маданий баалуулуктарды өнүктүрүү жана сактоо, жаш муундардын гуманизм жана рухий-дене тарбия принциптерин бекемдөө максатында республиканын мыкты чыгармачыл күчтөрүн мекенчил жана изденүү маанайында жаштарды тарбиялоого багытталган чыгармаларды жаратууга тартуу болуп эсептелет.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:15
2025-06-30

18:58
2025-06-30

17:31
2025-06-30

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.