Кытайлык эне өз баласын 40 жыл темир капаска камап багыптыр



Кытайдагы Чжэнчжоу шаарына караштуу Хэнань провинциясынын тургуну Пэн Ваймэй баласына бир нерсе болуп калбасын деп коркуп 40 жыл аны темир капаста кармаган.
Учурда 48 жаштагы баласы Пэн Вейкинг 6 жашында талма менен ооруп калгандыктан бат-баттан кулап, өз денесине зыян келтире баштаган. Айнектин сыныктары менен колдорун кескилеп салганда энеси темир капаска камап койгон. Баласы чоңойгон сайын анын жашаган жерин да кеңейте берген. Энесинин айтымында, Вейкинг аны тааныйт, бирок апа дей албайт. Азыркы тапта Пэн Ваймэй 80 жашта. Анын күйөөсү бир нече жыл мурун каза болгон. Энеси көзү өткөндөн кийин 48 жаштагы баласын карай турган адамды издеп жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:32
2025-06-24
Рейтинг:
-1

ооба сага кошулам, мындай эрдике чыныгы эне гана чыдаса керек!
Бирок, энеси да баланын көп мүмкүнчүлүгүн чектеп, ооруган баланы акылынан да артта калтырган экен...
Дарыгерлерге кайрылып, көптөгөн көнүгүүлөрдү жазатып үйрөтсө, азыр баласы көп нерсе билип калак.
Эми энесиндей башка адам караса гана...
калмак* (калак)
Birok,Jaratkan Alla Taalam ozu saktasyn,ylaiym baardyk pendesinin 12 mu4osu aman bolso eken!