super.kg logo
  Саясат  

Депутат Таштанбеков сунушталган туудагы күн нурун мыйзамдагы уурулардын жылдызына окшоштурду

 

Сунушталып жаткан туудагы күн нурлары мыйзамдагы уурулардын жылдызына окшошуп калды. Мындай пикирди бүгүн, 29-ноябрда парламентте депутат Акбөкөн Таштанбеков билдирди.

Анда мамлекеттик тууну өзгөртүү боюнча мыйзам долбоору каралып жаткан.

"Жылдызыбыз жанагы мыйзамдагы уурулардын жылдызына окшошуп калган жокпу? Түз болуп турганы Звезда Давида болуп еврейлердин белгисине окшошуп калбайбы?", - деди эл өкүлү.

Төрага Нурланбек Шакиев аларга окшошпой турганын айтып, бул жылдыз эмес күндүн нуру деп депутаттын сөзүн оңдоду.

"Эми ар ким ар кандай айтып, талкуулай берсе болот. Бирок бардыгы даана көзгө көрүнүп турат. Биз тууну бузган жокпуз, жакшыртуу гана максатындабыз", - деди ал.

Ал эми Таштанбеков тууга аяр мамиле кылууга үндөп, мамлекеттик символдорубуз өзгөрбөсө жакшы болмок деген пикирин билдирди.






Жогорку Кеңеш 29.11.23.

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: