Эми шектүүлөр электрондук билерик аркылуу көзмөлдөнүп турат
Юстиция министрлиги кылмыш ишинде колдонууга сунушталган электрондук билериктерди тестирлөөдөн өткөрүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 29-ноябрда аталган министрликтин маалымат кызматынан билдирди.
Ага ылайык, эми кылмыш жасады деп шектелгендерди электрондук билерик аркылуу көз салып турушат. Аларды 2024-жылдан тартып пайдалануу каралып жатат.
“Юстиция министрлиги адамдын турган жерине байкоо жүргүзүү үчүн арналган электрондук браслеттерди колдонуу методологиясын талдоо жана баалоо боюнча активдүү ишти жүргүзүүдө. Мындан улам аны жазык-аткаруу өндүрүшүндө мурда соттолгон адамдарга карата колдонууга болот. Ошондой эле электрондук билериктер үй-бүлөлүк зомбулукка каршы күрөшүүдө абдан натыйжалуу. Анткени алар тиешелүү адамдардын айрым субъекттерге, адамдарга жана аймактарга жакындоо радиусун чектейт”, - деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, буга чейин министрлер кабинети тиешелүү мыйзам долбоорун демилгелеген жана Жогорку Кеңештин кароосуна киргизген.
