Келерки жылы Бишкектен Пекинге түз аба каттамы ачылат
Кытай менен Кыргызстандын ортосунда жаңы түз аба каттамы ачылат. Бул тууралуу Кытайдын Кыргызстандагы элчилигинен билдиришти.
Маалыматта КЭР төрагасы Си Цзиньпин менен президент Садыр Жапаровдун ортосунда жетишилген маанилүү макулдашууларды ишке ашыруу максатында Кытай менен Кыргызстандын тиешелүү органдары консультацияларды өткөрүп, эки өлкөнүн ортосунда түз аба каттамын ачуу боюнча бир пикирге келишкени айтылат.
"2024-жылдын биринчи кварталында Пекин - Бишкек - Пекин маршруту боюнча жаңы аба каттары ачылат, аны China Southern Airlines авиалиниясы аткарат", - деп айтылат билдирүүдө.
Мындан тышкары, ушул жылдын декабрында Чэнду - Бишкек – Чэнду каттамы ачылып, аны Changlong Airlines авиалиниясы ишке ашырат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:45
2025-07-01

22:42
2025-07-01

20:55
2025-07-01

17:57
2025-07-01
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.