"Ош базарында" эт сатуучу жайлар текшерилип, бир канча мыйзам бузуулар аныкталды





Айыл чарба министрлигинин жетекчилери “Ош базарында" жайгашкан №1 ветеринардык-санитардык экспертиза лабораториясынын абалын тескеп, мониторинг жүргүзүштү. Бул тууралуу бүгүн, 29-ноябрда Айыл чарба министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, жогоруда аталган лабораториянын ветеринардык адистери Айыл чарба министрлигине караштуу Ветеринардык кызматтын 2023-жылдын 11-августундагы “Азык-түлүк базарларындагы ветеринардык-санитардык экспертизалык лабораторияларынын маселелери жөнүндө” № 247 буйругун жана 2023-жылдын 21-сентябрындагы “Ветеринардык-санитардык экспертизалык лабораторияларынын маселелери жөнүндө” № 280 буйругун аткарбай, мыйзамсыз иш жүргүзүп келгени аныкталды.
Мындан сырткары “Ветеринария жөнүндө” мыйзамдын айрым беренелерин бузуу менен сатыкка чыгып жаткан малдардын эттеринин сапаты жөнүндө компьютерден QR коду, уруксат берилүүчү ветеринардык лабораториялык аныктамасы жок сатыкка чыгарып жатышкандыгы такталды.
"Ошондой эле малдын эттерин ветеринардык-санитардык жактан таза эмес, кол арабаларда жүктөп ташылып жаткандыгы, ошондой эле төрт уйдун кол жана сан эттери кир жерде илинип тургандыгы такталды. Ал эми койдун эттери жүнү менен унаада ташылып келгендиги да белгиленди",-деп айтылат маалыматта.
Натыйжада “Ош базарында" ветеринардык адистер тарабынан эч кандай ветеринардык-санитардык талаптар аткарылган эмес, ошондой эле ветеринардык жактан тамак-аш коопсуздугу такыр аткарылбайт деген жыйынтык чыкты.



