Жалал-Абадда 31 миллион долларлык ири текстиль фабрикасы курулат
Жалал-Абаддын Ноокен районунда ири текстиль фабрикасы курулат. Бул тууралуу бүгүн, 29-ноябрда президенттин Жалал-Абаддагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, президенттин өкүлү Абсаттар Сыргабаев Ноокен районунун Арал айылында ири текстиль фабрикасын куруучу инвесторлор менен жолугушту. Бул багытта Ноокен райондук мамлекеттик администрациясы, коңшу Өзбекстандын Наманган облусундагы Art Soft Holding жана SASSA GROUP компанияларынын ортосунда үч тараптуу келишимге кол коюлду.
"Долбоорго ылайык, фабриканын курулушу ушул жылдын декабрь айында башталып, 2024-жылдын соңуна чейин аяктоо мерчемделди. Ага жергиликтүү бийлик тарабынан 20 гектар жер аянты берилип, курулуштун жалпы каражаты 31 миллион долларын түздү. Миңден ашуун жумуш орундарын түзүү каралган. Текстиль фабрикадасында пахтадан кездеме жана даяр продукция өндүрүүгө чейинки шарттар түзүлмөкчү", - деп айтылат маалыматта.
Мындан тышкары жолугушуунун алкагында Жалал-Абад облусунда дагы бир катар инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча сүйлөшүүлөр жүрдү.



