super.kg logo
  Саясат  

Төрага Шакиев парламентте уруш, мушташ болуп турушу керектигин айтты

 

Парламентте уруш-талаш болуп турганы мыйзам ченемдүү көрүнүш. Мындай пикирди бүгүн, 29-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында төрага Нурланбек Шакиев билдирди.

Ал депутаттарды сындап жаткан эл өзү шайлаганын белгиледи.

"Парламентте уруш-талаш боюнча коомчулукта бир беткей пикир болуп калат. Өзү парламенттин табияты уруш-талаш, жаңжал менен. Атүгүл бизден өнүккөн өлкөлөрдө депутаттар мушташкан учурлар болот. Парламентте уруш, мушташ болушу керек. Бирок ал уруштар идеялардын талашы болушу керек. Парламент жөн эле добуш берип, кол коюп отурган нотариалдык орган эмес. Жогорку Кеңеш элдин үнүн жеткире турган эң бийик трибуна”, - деди Шакиев.

Ошондой эле ал кайсы чакырылыш кандай иштегенине убакыт баа берерин кошумчалады.

Белгилей кетсек, коомчулукта парламенттин дарегине “нотариалдык орган болуп калды, мыйзам долбоорлорун талкуулабай топ-тобу менен кабыл алууда” деген сындар айтылып келет.






Жогорку Кеңеш 29.11.23.

Жогорку Кеңеш 29.11.23.

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: