Азат Мелисов боор оорусуна байланыштуу кайрымдуу элден жардам сурайт



31 жаштагы Азат Мелисов боор оорусуна байланыштуу кайрымдуу адамдардын жардамына муктаж. Бул тууралуу ал SUPER.KG порталына өзү билдирди.
Азат Мелисов Нарын районунун Ийри-Суу айылынын тургуну, эки баланын атасы. Балдары кичинекей, улуусу үчтө, кичүүсү бир жарым жашта. Дарыгерлер ага 2 ай мурда боорунда курт бар деген диагноз коюшуп, Орусиядан дарыланууну айтышкан.
“Учурда мен Орусиянын Нижний Новгород шаарындамын, анализ тапшырып жүрөм. Кыргызстанда дарыгерлер бооруңда курт бар деген диагноз менен операция жасоо үчүн бул жакка жөнөтүштү. Операцияга каражатым жетпей жатат. Биздин дарыгерлер жөнөтүп жатканда болжолдуу түрдө 700-800 миң сом кетет деп айтышкан. Бирок бул жактан анализдер чыгып, дарыланууга жаткыргандан кийин же операциядан соң айтабыз дешти. Ошого кайрымдуу элден менин тагдырыма кайдыгер карабай, колунан келген жардамын берерин суранат элем. Оорубаңыздар, кыргыз элим!”, - деди Азат Мелиов.
Азат Мелисовго жардам берүүнү каалагандар төмөнкү реквизиттерге акча каражатын которсо болот:
+996709 538 342 (МБАНК, Азат Мелисов)
9417379442386732 (Айыл Банк)



