Эми Ошто мыйзамсыз курулуштарга каршы күрөш күчөтүлөт





Бүгүн, 29-ноябрда Оштун мэри Бакытбек Жетигенов мыйзамсыз жана жаңыдан курулуп жаткан курулуштарды мыйзам талаасына келтирүү боюнча күч түзүмдөрүнүн жана көзөмөл органдарынын жетекчилери менен жумушчу кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.
Маалыматка ылайык, калаа башчысы Ош шаарынын жаңыдан дайындалган башкы архитектору Азамат Каныбек уулу менен тааныштырды.
"Шаардагы мыйзамсыз курулуштарга каршы күрөшүү, аларды иретке келтирүү, өзүм билемдикке жол бербөө жергиликтүү бийликтин, көзөмөл жана укук коргоо органдарынын негизги жумуштарынын бири. Бул жаатта бардык тиешелүү кызматтар курулуш тармагында мыйзам бузууларга жол бербөө үчүн өз ара тыгыз кызматташууну күчөтүп, макулдашылган тартипте иштөөсү зарыл. Ош шаарынын мэриясы бул багыттагы маселелерди чечүүгө жана көмөктөшүүгө ар дайым даяр”,- деди Бакытбек Жетигенов.
