Бишкекте 103 номурундагы автобус каттамга чыкты
Бишкек шаарында кечээ, 28-ноябрдан тарта 103 номурундагы автобустар каттамга чыгып баштады. Бул тууралуу бүгүн, 29-ноябрда Бишкек шаардык мэриясы билдирди.
Маалымдалгандай, мындай чечим шаардык транспорт тармагын оптималдаштыруу жана тургундардын көптөгөн кайрылууларынан улам кабыл алынган.
Буга чейин 103 номурундагы кичи автобустар каттаса, эми алардын ордуна ушундай номурлуу автобустар жүрөт. Маршруттук каттам "Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасы" муниципалдык ишканасы тарабынан тейленүүдө.
"Маршрут Садырбаев көчөсүнөн Чоң-Арык айылына чейин каттайт. Узундугу 34,8 чакырым, ал эми алардын аралыгы 6-8 мүнөт болот. Учурда каттамда жалпы 20 автобус бар", - деп айтылат билдирүүдө.
Бара-бара бардык маршруттук таксилер толугу менен автобустарга алмаштырыла турганы айтылды.
