super.kg logo

ИИМдин делегациясы Австриянын Федералдык полициясынын ишмердүүлүгү менен таанышты

 

Ички иштер министрлигинин делегациясы Вена шаарындагы Австриянын Федералдык полициясынын ишмердүүлүгү менен таанышты. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.

Маалыматка ылайык, анда ведомстволор ортосундагы кызматташуунун мүмкүн болгон багыттары талкууланды.

"Иш сапар Кыргызстан менен Австриянын ортосундагы коопсуздукту биргелешип камсыз кылуу жана укук бузуулардын алдын алуу жаатында билим алмашууга жана социалдык өнөктөштүктү бекемдөөгө, милициянын ишмердүүлүгүндө ачык-айкындуулукту жана жоопкерчиликти арттыруучу механизмдерди изилдөөгө багытталган. Кыргыз тарап Австриянын Федералдык полициясынын ишмердүүлүгү жана иштөө ыкмалары менен таанышты. Ошондой эле кызматкерлерди окутуу жана даярдоо, укук тартиби чөйрөсүндө заманбап технологияларды колдонуу жана коомдук коопсуздукту камсыздоого инновациялык ыкмаларды киргизүү маселелери талкууланды" деп айтылат мекеменин маалыматында.

Делегациянын курамында ички иштер министри Улан Ниязбеков, ИИМдин КККнын башчысы Сталбек Рахманов, Эл аралык кызматташтык башкармалыгынын башчысы Нурбек Жангабылов, Милициянын көчмө кабылдамаларынын ишин колдоо боюнча ассоциациянын директору Шамшыбек Мамыров жана ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин полиция маселелери боюнча кеңешчиси Константин Бедарев бар.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: