super.kg logo

Айгүл Жапарова Парижде I эл аралык Cinema Heritag кинофестивалынын ачылышына катышты

 

Кыргызстандын биринчи айымы Айгүл Жапарова Париж шаарында (Франция) ЮНЕСКОнун колдоосу астында өтүп жаткан Cinema Heritag 1-эл аралык кинофестивалынын ачылыш аземине катышты. Бул туурасында анын социалдык тармактагы баракчасы аркылуу белгилүү болду.

Маалымдалгандай, 28-ноябрда ЮНЕСКОнун штаб-квартирасында өткөн иш-чарага ЮНЕСКОнун башкы директорунун Африка жана тышкы байланыштар боюнча орун басары Энтони Охеменг-Боама, дүйнөлүк кинорежиссёрлор, анын ичинде кытайлык легендарлуу режиссёр Чжан Имоу, түрк кинорежиссеру, Берлин кинофестивалынын жогорку сыйлыгы "Алтын аюунун" ээси Семих Капланоглу жана башкалар да катышты.

Аталган кинофестивалдын финалына кыргызстандык режиссёр Актан Арым Кубаттын “Эсимде” тасмасы өткөнү белгиленет.

Кошумчалай кетсек, бул күндөрү Париждин ири кинотеатрларында кыргызстандык режиссёрлордун – Cinema Heritage программасынын катышуучуларынын тасмалары көрсөтүлүүдө.

Жаңы эл аралык кинофестивалдын негизги максаты – ЮНЕСКОнун идеяларын ээрчип, жаңы реалдуулуктарды жана образдарды ачуу, жаңы таланттардын өнүгүшүнө көмөк көрсөтүү, өзгөчө кино тили аркылуу өлкөлөр, элдер, муундар жана доорлор ортосунда байланыш түзүү.

Cinema Heritage кинофестивалынын негиздөөчүлөрүнүн бири Кыргызстандын Франциядагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Садык Шер-Нияз.

Фестивалды "Айтыш Франция" ассоциациясы Франциядагы Кыргыз диаспорасынын өкүлдөрүнүн активдүү катышуусунда өткөрүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: