super.kg logo

Бишкекте муниципалдык жай бошотулууда

 

Бишкекте муниципалдык жайлар бошотулууда. Бул тууралуу бүгүн, 30-ноябрда Бишкек мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык. Чоң-Арык конушундагы үй-бүлөлүк медицина борборунун (ҮМБ) курулушунун алкагында Бишкек шаарынын мэриясынын жер пайдаланууну контролдоо башкармалыгы Семетей 6 (Северная 31) көчөсүндө жайгашкан муниципалдык турак эмес жайды бошотуп жатат.

"Анда муниципалдык аймакты өз алдынча орнотулган объекттерден, ошондой эле мыйзамдарды колдонуудагы ченемдерин бузуу менен курулган же курулуп жаткан имараттардан жана курулуштардан бошотуу жөнүндө мурда берилген билдирүүнүн негизинде жүргүзүлөт",-деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөндөн кийин жалпы аянты 320 чарчы метр имарат жана аянты 200 чарчы метр жер участогу бар бастырма бошотулат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: