super.kg logo

"Желегимди жерибе!". Желекти өзгөртүүгө социалдык тармактарда кандай пикирлер айтылып жатат?

 

Кечээ, 29-ноябрь Жогорку Кеңештин жыйынында мамлекеттик тууну өзгөртүү маселеси каралып, эл өкүлдөрү мыйзамды биринчи окууда кабыл алышты. Буга байланыштуу коомчулук социалдык тармактар аркылуу өз пикирлерин билдирүүдө.

Төкмө акын Жеңишбек Жумакадыр социалдык тармактагы баракчасына "баарына сен күнөөлүүсүң желек" деген ыр жазып какшыктады.


Акындын ырын тамашоучу, актёр Актан Рыскелдиев сторисине коюп, мен дагы каршымын деп жазган.

Жаратман подкасынын автору Урмат Насыкулов болсо, фейсбук баракчасына "Желегимди жерибе!" деген билдирүү калтырды.

Ал эми жаш акын Саид Султан-Али инстаграм баракчасына пост жүктөп, "Садыр Нуркожоевич, элдин үнүнө кулак салыңыз" деп кайрылуу кылды.

Журналист, алып баруучу Айзада Жамгырчиева эл өкүлү Арсланбек Малиевдин туунун түсүн дагы көк кылалы деген сунушун сынга алып, көк түстөгү желектин сүрөтүн жүктөдү.

Истаграмда tumar.ibraimov деген баракча жаңы желектин сүрөтүн жүктөп, "сөз берем эч качан ушул тууну колдонбойм" деген билдирүү калтырган.

Бир катар социалдык тармактын колдонуучулары мамлекеттик тууну өзгөртүүгө каршы экенин билдиришип, флешмоб өткөрүп жатышат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: