super.kg logo

"Дордой" базарынын соодагерлери нааразылык акциясына чыгышты (видео) 

 

Бүгүн, 30-ноябрда Бишкектеги "Дордой" базарынын соодагерлери нааразылык акциясына чыгышты. Алар жаңы жылдан тарта киргизиле турган өзгөчө салык режимине нааразылык билдирип, патент системасын калтырууну талап кылышууда.

Алардын пикиринде, базарга киргизилген өзгөчө салык режими ишкерлердин түйшүгүн көбөйтүп, айрыкча тигүү тармагында жүргөндөрдүн ишинин тартибинде түшүнбөстүктөр көп болуп жатат.

Ал эми кечээ, 29-ноябрда Оштун "Кара-Суу" базарында да соодагерлер нааразылык акциясына чыгышкан.

Бул окуядан кийин Салык кызматы Кыргызстанда стратегиялык объектилерге кирген базарлардагы ишкерлер өзгөчө салык режими менен иштей аларын билдирген.

Алар 2024-жылдын 1-январынан тартып өзгөчө режимдеги зонанын ичинде товарларды сатууда көзөмөл-кассалык машиналарды (ККМ), товардык-транспорттук коштомо кагаздын электрондук түрүн (ЭТТН) жана электрондук эсеп-фактураны (ЭЭФ) колдонуудан бошотулат. Бул ошол базардын ичинде гана болгон соода-сатыкта иштейт.

Ушул эле күнү парламенттин кезектеги жыйынында депутат Балбак Түлөбаев Мамлекеттик салык кызматы ишкерлерге салык саясаты боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзбөй жатканын айтып сынга алды.

"Чоң базарларга салык кызматкерлерин жибериш керек. Алар жеринде соодагерлер менен иш алып, салык режими боюнча тушүндүрүү иштерин жүрүзүшү шарт. Анткени, алардын көпчүлүгү кандай салык төлөй турганын билишпейт. Мен бул өкмөткө таң калып жатам. Иштесеңер иштегиле, иштебесеңер биз барып түшүндүрүп берели. Отурган бутагыңарды кесип, ызы-чуу кылып, элди көтөргөнү атасыңар. "Дордой" менен "Кара-Суу" базарлары кезинде Орто Азияны кармап турган базар болчу. Азыр эми абалын карагыла", - деди депутат.






"Дордой" базарынын соодагерлери нааразылык акциясына чыгышты

Балбак Түлөбаев

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: