super.kg logo
  Саясат  

Садыр Жапаров Бириккен Араб Эмираттарына жөнөп кетти. Аны кимдер коштоп барды? (тизме) 

 

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 30-ноябрда иш сапары менен Бириккен Араб Эмираттарына жөнөп кетти. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Ага ылайык, мамлекет башчысы Дубай шаарында өтө турган БУУнун климаттын өзгөрүшү жөнүндө Алкактык Конвенциясынын Тараптарынын 28-конференциясынын жогорку деңгээлдеги Сегментине катышат.

Кыргызстандын расмий делегациясынын курамындагылар:

- тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев;

- президенттин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев;

- Кыргызстандын Бириккен Араб Эмираттарындагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Абдилатиф Жумабаев;

- жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөлдөө министри Мелис Тургунбаев;

- энергетика министри Таалайбек Ибраев;

- финансы министри Алмаз Бакетаев;

- экономика жана коммерция министри Данияр Амангельдиев;

- президентке караштуу Инвестициялар боюнча Улуттук агенттиктин директору Талантбек Иманов.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: