"Мадина" базарындагы митинг: Соодагерлер койгон талаптар (сүрөт, видео)






Бүгүн, 30-ноябрда Бишкектеги "Мадина" базарынын соодагерлери ККМге каршы акция чыгышты. Андагы соодагерлер жаңы жылдан тарта киргизиле турган өзгөчө салык режимине нааразылык билдирип, патент системасын калтырууну талап кылышты.
Өзүн Гүлжамал Аманова деп тааныштырган соодагер эгер ККМ ишке кирсе, бир топ кыйынчылыктар жараларын айтты. "Мен салыктан тышкары базардагы ордума дагы аренда төлөйм. Бул мен үчүн кымбатка турат. Соода жүгүртүү ККМ менен боло турган болсо, товардын баары кымбаттайт"- деди.
Ошондой эле ал өлкөдөгү жеңил өнөр жайга дагы таасирин тийгизет деп эсептейт. “Материалдардын бардыгы кымбаттаса, тигүү цехтерине күч келет. Анан алар дагы даярдаган товарын кымбат сатып башташат. Ошон үчүн биз бардыгыбыз патент менен эле калабыз деп чыктык" – дейт ал.
Ал эми Аман Болотбековдун айтымында, патент иштөө соодагерлер үчүн ыңгайлуу, ал эми бийлик өкүлдөрү чогулгандардын дагы көйгөйүн угушу керек.
"Биз мурунтан бери эле патент колдонуп келгенбиз. Биз үчүн ыңгайлуу. ККМдин иштөо системасын базарда анализ кылып көрүшө элек да. Бийлик өкүлдөрү өнүккөн өлкөлөрдү мисал кылып жатышпайбы. Бирок биз Евросоюзда негизи патент менен иштейбиз" - деди.
Буга чейин ККМ аппараттын колдонуп көрдүңүз беле деген сурообузга “Жок, колдонуп көргөн эмесмин. Менимче, бул жактагылардын бардыгы колдонуп көрүшө элек” деп жооп берди.
Ошондой эле акциянын катышуучулары министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун келишин талап кылышты. Митинг болуп жаткан аймакта тартип сакчылары дагы жүрөт.
"Мадина" базары
30.11.23


