super.kg logo

Министрлик: "Бишкекке автобустарды сатып алууга бюджеттен 8,8 миллиард сом каражат бөлүнгөн"

 

Бишкек шаарына автобустарды сатып алууга мамлекеттик бюджеттен 8,8 миллиард сом бөлүнгөн. Бул тууралуу бүгүн, 30-ноябрда Финансы министрлигинен билдиришти.

Ага ылайык, Министрлер кабинети тарабынан ушул жылга Бишкек шаарынын мэриясына автобустарды сатып алууга 3 миллиард 806 миллион сом өлчөмүндө каражат каралган.

Ошол эле учурда 2023-жылдын 15-мартындагы ZHOHNTOHG BUS HOLDING CO LTD менен түзүлгөн келишимге ылайык, Кытай тарап Кыргызстанга 86,5 миллион долларга 1000 даана автобусту камсыздап берет. Анын ичинен 500ү быйыл, калган 500 автобусту кийинки жылы алып келүүсү күтүлүүдө.

Бүгүнкү күндө Финансы министрлиги келишимге жана графикке ылайык 4 513,8 миллион сом каржылады.

"Мындан тышкары, "2024-жылга жана 2025-2026-жылдарга республикалык бюджеттин пландаштыруу мезгили жөнүндө" мыйзамдын долбоорунда Бишкек шаарынын мэриясына автобустарды сатып алууга 4 339,2 миллион сом өлчөмүндө каражат каралган, анын 1 164,9 миллион сому бажы төлөмдөрүнө, калган 3 174,3 миллион сому келишимден калган сумма", - деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: