Баткенде Абсамат Масалиевдин 90 жылдык мааракеси белгиленүүдө (фото)





















Бүгүн, 30-ноябрда Кыргыз эл баатыры, көрүнүктүү мамлекеттик жана саясий ишмер Абсамат Масалиевдин 90 жылдыгы кичи мекени болгон Баткен облусуна караштуу Кадамжай районунда белгиленүүдө. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Маалымдалгандай, иш-чара Абсамат Масалиевдин эстелигине гүл чамбар коюу менен башталды.
Андан соң президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев баштаган жетекчилер, мамлекеттик жана саясий ишмерлер Алыш айылындагы Абсамат Масалиевдин туулуп-өскөн үйүнө барып, жакын туугандарынан кабар алышты.
Райондук маданият үйүндө өткөн иш-чаранын салтанаттуу бөлүгүндө мамлекеттик ишмердин өмүр таржымалы, эмгек жолу тууралуу даректүү тасма көрсөтүлүп, Абсамат Масалиевдин балалыгы, жаштыгы облустук драма театрынын артисттери тарабынан сахналаштырылды.
Мааракенин урматына спорттун күрөш жана волейбол түрү боюнча чоң мелдеш өтүүдө. Мындан сырткары, кол өнөрчүлүк жана айыл чарба көргөзмөлөрү да уюштурулду.
