Баткен жана Ош окуяларында жабыркагандарга жөлөк пул жогорулатылды
Баткен жана Ош окуяларында жабыркагандарга жөлөк пул жогорулатылды. Бул тууралуу бүгүн, 30-ноябрда Эмгек министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, министрлер кабинетинин токтому менен ушул жылдын 1-августунан тартып 2021-жылдын апрелинде Баткен облусунда болуп өткөн окуялардын натыйжасында жабыр тарткандарга ай сайын төлөнүүчү социалдык жөлөк пул жогорулатылды.
Жөлөк пулдун өлчөмү 3 миң 700 сомдон 5 миң 500 сомго көбөйтүлдү.
"Ошондой эле 2022-жылдын сентябрында Баткен жана Ош облустарында болуп өткөн окуялардын натыйжасында жабыр тарткандарга дагы ай сайын төлөнүүчү социалдык жөлөк пул каралып, анын өлчөмү 5500 сомду түздү", - деп айтылат маалыматта.
Ар айлык кошумча социалдык жөлөк пул төмөнкүлөргө дайындалат:
- курман болгон адамдардын балдарына - алар он сегиз жаш куракка толгонго чейин;
- курман болгон адамдардын ата-энелерине (атасына, энесине) - алар пенсия курагына жеткенде, эгерде курман болгон адам жалгыз баласы болгон учурда;
- майыптыгы бар адамдар деп таанылган жабыр тарткандарга - майыптыгы белгиленген датадан тартып медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын корутундусун колдонуу мөөнөтү аяктаганга чейин.
