super.kg logo

Чүйдө бала бакчанын директору текшерүүнү токтотуу үчүн милицияга 120 миң сом берип жаткан жеринен кармалды

 

Чүйдөгү мамлекеттик бала бакчанын директору милицияга ири суммада пара берип жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Билдирүүгө ылайык, Аламүдүн районунда жайгашкан “Достук”, “Бөбөкжай” бала бакчаларында (мамлекеттик мектепке чейинки билим берүү уюмдары болуп саналат) мыйзам бузуулар аныкталган.

Бир нече эскертүүлөргө карабастан акча каражаттарын чогултуу фактылары катталууда. Анын ичинде мектепке чейинки билим берүү уюмдарында.

Текшерүү учурунда “Достук” бала бакчасынын жетекчиси маселени оң жагынан чечүү жана текшерүүнү токтотуу үчүн ИИМдин кызматкерине ири суммадагы акча каражатын сунуш кыла баштаган. 29-ноябрь күнү 4-башкармалыктын ыкчам кызматкерине 120 миң сом өлчөмүндө пара берүү учурунда жогорудагы бала бакчанын жетекчиси А.О. кармалган.

Аталган факты боюнча кылмыш иши козголуп, ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан тергелип жатат. Кызмат адамына пара берүүгө шектүү жаран кармалды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: