super.kg logo

Бишкекте унаадан ноутбук жана 93 миң сом уурдалган: Шектүү кармалды

 

Бишкек шаарында уурулукка шектүү адам кармалганын бүгүн, 30-ноябрда Ленин РИИБнен билдирди.

Маалыматка ылайык, 27-ноябрда милицияга Ж.А. аттуу жаран кайрылып, белгисиз адамга карата чара көрүүнү суранган. Шектүү болжол менен түнкү саат 03:20 чамасында белгисиз адам автоунаасынын ичинен көк түстөгү сумкасын уурдап кеткенин билдирген. Анын ичинде 55 миң сом турган Hewlett Packard үлгүсүндөгү ноутбук жана 93 миң сом акча каражаты болгонун айткан.

Аталган факты боюнча кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесине (Уурдоо) ылайык кылмыш иши козголгон.

Милиция кызматкерлери тарабынан 1994-жылы туулган Ш.М. аттуу шектүү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Тергөөнүн жүрүшүндө кылмышка шектүү адам милиция кызматкерлерине мурда уурдалган ноутбукту өз ыктыяры менен кайтарып берген.

Азыркы учурда тергөө иштери уланууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: