super.kg logo

"Кооперативдер жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди

 

Президент Садыр Жапаров “Кооперативдер жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамга кол койду. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан билдиришти.

Мыйзам ушул жылдын 19-октябрында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Мыйзам турак жай-курулуш кооперативдерин натыйжалуу жана сарамжалдуу башкарууну камсыз кылууга, турак жай-курулуш кооперативдерине кирүү жолу менен жарандардын турак жай сатып алууда укуктарын ишке ашырууга багытталган.

Мыйзам менен төмөндөгүдөй ченемдер каралган:
– турак жай-курулуш кооперативдеринин жана өз ара жардамдашуунун турак жай-топтомо кооперативдеринин ишин контролдоону жүзөгө ашыруучу орган, ошондой эле анын ыйгарым укуктары министрлеркабинети тарабынан аныкталат;
– өз ара жардамдашуунун турак жай-топтомо кооперативдери жашоо үчүн багытталган кыймылсыз мүлктү сатып алуу боюнча биргелешкен ишти жүзөгө ашыруу үчүн гана түзүлөт. Иштин башка түрлɵрү каралбайт;
- турак жай, турак жай-эксплуатациялык же турак жай курулуш кооперативинин мүчөсүнүн үлүштүк салымы кооперативдин үлүштүк фондуна акча эквивалентинде төлөнөт. Жоготууларды жабуу же кооперативди үлүштүк фонддун эсебинен кармап туруу каралбайт;
– өзгөчө кырдаалдар үчүн фонд түзүү жана устав менен анын суммасын жана мүлкүнүн үлүшүн аныктоо керек, ал жок болсо, юстиция органдарында каттоого мүмкүн эмес;
– кооперативдин иши тышкы аудитордук текшерүүгө алынышы мүмкүн, аудитордук уюмду (аудиторду) тандоо кооперативдик кеңеш же ревизиялык комиссия тарабынан жүргүзүлөт. Мында аудитордук уюмду (аудиторду) тандоо конкурстук негизде жүргүзүлөт.

Мындан башка, кайсы болбосун кызыкдар жактын кооперативдин уставы менен таанышууга укугу белгиленген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: