super.kg logo

ЖКККББ кызматкерлерди кабыл алууга сынак жарыялайт

 

Бишкек шаардык патрулдук милиция кызматынын кенже командалык курамына сынак жарыяланды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Ага ылайык, алардын эмгек акысы 40 миң сомдон жогору жана талапкерлерге коюлган негизги квалификациялык талаптар жеңилдетилди.

Эми 19дан 30 жашка чейинки жарандар жол инспектору болуп иштей алат. Мурдагыдай жогорку билим милдеттүү эмес, жалпы орто билимге ээ болгону жетиштүү. Ошондой эле буга чейин айдоочулук күбөлүгүндө А, А1, В, С категориялары болушу талап кылынган, азыр В менен С гана керектелет.

Сынакка катышууну каалагандар төмөнкү документтерди алып келиши керек:

- жеке арыз;
- кадрларды каттоо боюнча баракча;
- өмүр баяны эки экземплярда (кол менен жазылган жана компьютерде терилген);
- автобиографиялык реферат;
- билими тууралуу документтердин нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;
- нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү;
- эркектер үчүн аскердик билеттин көчүрмөсү (түп нускасын конкурс учурунда көрсөтөт);
- паспорттун копиясы;
- никелешүү жана балдарынын туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрү;
- укук коргоо органдарында иштөөгө жарактуулугу тууралуу аскердик-дарыгердик комиссиянын корутундусу;
- 9х12 өлчөмүндөгү бир, 3х4 өлчөмүндөгү төрт сүрөт.

Белгиленгендей, документтер Бишкек шаары, Ч.Валиханов көчөсү, 1а дареги боюнча кабыл алынат.

Телефондор: (0312) 63-12-75, 63-09-00, 63-09-01. Кабыл алуу 22-декабрга чейин уланат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: