super.kg logo

"Жашоо оор, бардыгы кымбат". Митингге чыккан "Аламүдүн" базарындагы соодагерлердин талаптары 

 

Бүгүн, 1-декабрда Бишкектеги "Аламүдүн" базарынын соодагерлери нааразычылык акциясына чыгышты. Соодагерлердин бири алар министрлер кабинетинен көзөмөл-кассалык машиналарды (ККМ) колдонууну жокко чыгарууну талап кылып жатышкандыгын билдирди.

"Биз бул жерде тоок этин сатып иштейбиз. Болбогон сумма 10 сом кошуп сатабыз. Ошого да бизди ККМге өткүлө деп мажбурлап жатышат, бирок биз каршыбыз. Анткени аны ар бир кишиге басышыбыз керек, 30-50 сомго сатып же түшүп берип калабыз. Биздин бул жерде көргөн пайдабыз өтө аз. Турган жерибизге, күзөтчүгө, электр энергияга акча төлөйбүз. Алар айтып жатат 8 миллионго чейин киреше болсо, салык төлөбөйсүңөр деп, бирок 2 метр турган жерибизге ККМ койдуруп жатат. Бул туура эмес, бизге пайда жок болуп калат. Жашоо оор, бардыгы кымбат. Мурда 20 сом кошуп сатсак , азыр элди ойлоп 10 сом эле кошобуз", -деди ал.

Мындан тышкары соодагерлердин бири Жаныбек Жумаев митингге жаңы жылдан тарта киргизиле турган өзгөчө салык режимине нааразылык билдирип, патент системасын калтырууну талап кылуу максатында гана чыккандыктарын кошумчалады.

"ККМди коюуга каршыбыз. Патент системасын калтырсын. Башка талаптарыбыз деле жок" дейт ал.

Митингге болжолдуу 200дөн ашуун адам катышууда. Жеринде милиция кызматкерлери коопсуздукту көзөмөлдөп жүрөт.






1.12.23

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: