super.kg logo

"Интимдик кызматтан өзү да бир нече жолу пайдаланган". Чет элдиктер үчүн сойкукана уюштурууга көмөктөшкөн экс-аким кармалды

 

Чет элдик жарандарга интимдик кызмат көрсөткөн сойкукана уюштурууга көмөк көрсөткөн деген шек менен мурдагы аким, ири ишкер Б.К. кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 1-декабрда УКМКнын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматта кармалган ишкер "Ак-Суу" базарынын ээси экени айтылат.

Такталгандай, Б.К. уюшкан топтун курамында кылмыштуу ишке катышып, тактап айтканда, сойкукана уюштуруу жана жайгаштыруу үчүн имарат берген. Ошондой эле аталган мекеме тарабынан көрсөтүлгөн интимдик кызмат көрсөтүүлөрдү бир нече жолу колдонгондугу аныкталды.

Топтолгон материалдардын негизинде, 30-ноябрда Кылмыш-жаза кодексинин 159-беренесинде (сойкулукка тартуу) каралган кылмыштын негизинде козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга камалды.

Учурда козголгон кылмыш ишинин алкагында ыкчам-иликтөө иш-чараларынын комплекстери жургүзүлүүдө.

Ал эми SUPER.KG порталынын өздүк булактары билдиргендей, кармалган жаран Нарында аким болуп иштеген. Ошондой эле, "Дордойдогу" "Ак-Суу" базарына ээлик кылат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
01.12.2023. 14:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Интимдик мамиле - бул кылмыш эмес. Интим адам баласынын жашоосунун бир болугу
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: